Новости

Саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичтин ОшМУдагы иш сапары.

15.04.2024-ж. Саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичтин ОшМУга иш сапары менен келди. Министр окуу жайдын башкы имаратында ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, медициналык билим берүү, медициналык клиникалары боюнча кызматташтыктар тууралуу пикир алышты. Иш сапардын алкагында министр ОшМУнун курулуп жаткан 7 кабаттуу медициналык клиникасынын курулуш иши менен таанышып, андан соң ОшМУнун Ак-Буура кампусунда “Ден соолук” кербени, университеттик медициналык клиникасынын ишмердүүлүгүн көрүп, кампуста жайгашкан Медицина, Эл аралык медицина факультеттеринин окуу-илимий лабораториялары, виртуалдык клииникалары менен таанышып, профессордук-окутуучулук курамы жана медициналык клиниканын кызматкерлери менен жолугуп, саламаттыкты сактоонун көйгөйлөрү менен пикир алышты.
103 10:52 15-04-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|