Новости

“Этно фотосессия” улуттук кийимдерди даңазалоо

2024-жылдын 16- мартында ОшМУнун 85 жылдыгына карата Ош мамлекеттик университетинде КР Аялдар кеңеши бирикмеси менен биргеликте кыргыз улуттук кийимин даңазалоо, барктоо, аздектөө, жайылтуу максатында “Этно фотосессия” уюштурулду. Аталган иш чарага финансы- юридикалык колледжинин окутуучулары Сулайманкулова Ж., Анарбай кызы А., Карабаева Т., Байдусенова А. жана ФКР-3-23 тайпасынын студент кыздары катышып келишти. Иш-чарада искусство факультетинин жана “Жаннатай” мода үйүнүн эмгектери көрсөтүлүп, обондуу ырлар тартууланды. “Этно фотосессия” иш-чарасынын өзгөчөлүгү ар бир катышуучу кыргыз улуттук кийими менен сүрөттөргө түшүп, жагымдуу маанай тартууланды.
166 04:36 25-03-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|