Новости

ФжБи ПЦКда “Тазалык шаарыбызга - шаарыбыз баарыбызга” аттуу ишембилик болуп өттү

2024-жылдын 24-апрелинде ФЮКтун ФКК-11-1-23 тайпасында “Тазалык шаарыбызга - шаарыбыз баарыбызга” аттуу ишембилик болуп өттү. Бул иш-чара тайпанын куратору, э.и.к. Ж.К.Райимбердиеванын жана ФжБи ПЦКсынын окутуучусу Г. Каримовалардын катышуусу менен жүрдү. Ордолуу Ош шаарынын айтылуу Сулайман тоосуна, анын тазалыгына маани берип, кайдыгер болбостон жан дили менен ишембиликке катышышкан студенттерге чет мамлекеттен келишкен (Испаниядан, Россиядан) меймандар да баа беришти. Шаарыбыздын тазалыгына кайдыгер карабаган жаштар, студенттер бар экендиги баарын кубандырды. Эрте менен башталган иш-чара тиешелүү кызматкерлердин ыраазычылыгын алуу менен ийгиликтүү аяктады.
99 04:40 07-05-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|