"ЖАЛПЫ, КЛИНИКАЛЫК БИОХИМИЯ жана ПАТОФИЗИОЛОГИЯ" кафедрасынын 2023-24 окуу жылдын 1-отуруму
04:00
28.08.2023 ж күн тартибинде “Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасы жаңы окуу жылындагы биринчи отурумун өткөрдү. Отурумда медицина факультетинин деканы м.и.д., профессор Ыдырысов Исматилла Токтосунович , буйрук менен келген “Жалпы , клиникалык биохимия жана патофизиология” кафедрасынын башчысын б.и.д. профессор КР УИА мүчө корреспондети Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна эжекени куттуктап , жакшы каалоо тилектерин айтты жана кеңешмеде төмөнкү маселелер каралды :
1 ) Жаны окуу жылына карата кафедранын иш планын, отурумдарынын планын, жумушчу окуу программаларын, силлабустарды талкуулоо жана бекитүү.
2)Кафедранын илимий изилдөө иштеринин, окуу-тарбия иштеринин, окуу- усулдук иштеринин, окуу-усулдук кеңештин, квалификацияны жогорулатуунун жана куратордук иштердин планын бекитүү.
3)Ар түрдүү маселелер каралды.
152 04:00 29-08-2023