Новости

“Аялдар илимде жана инновациялык билимде” аттуу Борбордук Азия форуму

✅Бүгүн, 2023-жылдын 16-ноябрында, Бишкекте илимдеги аялдарга арналган “Аялдар илимде жана инновациялык билимде” аттуу Борбордук Азия форуму өттү. Программанын негизги максаты - илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүккө дем берүү, жеке сектордо илимий натыйжаларды ишке киргизүүнү колдоо. Борбор Азиялык форумда, Медицина факультетинин "Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын башчысы, б.и.д., профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна “Илимдеги аялдар жана инновациялык билим берүү” аттуу доклады менен катышып Сертификат менен сыйланды. Программанын аягында, форумда “Илимдеги аялдар” долбоорун жыйынтыктоо катары “Илимдеги аялдар – өзгөрүүнүн кыймылдаткыч күчү” китебинин бет ачары болуп китеп, форумдун катышуучуларына белек катары берилди. 📚
180 02:03 17-11-2023

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|