Жанылыктар

Ташкент университети менен байланыш

Ташкент мамлекеттик юридикалык университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн «Өз ара кызматташуу жөнүндө» келишимди ишке ашыруунун алкагында Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин ректору ю.и.д., проф. Рустамбеков Исламбек Рустамбековичтин чакыруусу менен ОшМУнун юридика факультетинин жаштар комитетинин студенттери Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барышты. Студенттер Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушууларды өткөрүп, материалдык-техникалык базага чакан экскурсия өткөрүштү. Студенттер Самарканд мамлекеттик университетинде да болуп кайтышты.
528 04:22 25-05-2023

                 

Жанылыктар

|< 3 4 5 6 7 >|