Олимпиадада 1-орунду ОшМУнун «АЛФАС» командасы, 2-орунду КММАнын «SQUADRONE» командасы, 3-орунду ЖаМУнун студенттери ээлешти. МУК, Пакистан колледжинин жана АзМИнин командаларынын теориялык даярдыгы да оң бааланды.
Олимпиада КММАнын Медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасы тарабынан "Алма-Матердин" 80 жылдыгына карата уюштурулган. ОшМУдан ТИМ кафедрасынын окутуучусу Мидинова Э.А.нын жетекчилиги астында экинчи курстун студенттери катышты: Джитендра Кумар, Неха Вишвакарма, Шрирам Раджасекаран, Анкит Чаухан, Рахул Рамеш Сонавеле.
ЭМФнин жана ОшМУнун жетекчилиги олимпиадаларга катышууга ар тараптан салым кошуп келет.