Жанылыктар

11.03.2024 ТИМ кафедрасынын улук окутуучусу Мидинова Эльмира Түштүк Кореянын билим берүү системасы менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында иш сапарга чыгып келди.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КОРЕЯНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ МЕНЕН ТААНЫШУУДА
Кыргызстандын ЖОЖ өкүлдөрүнөн турган делегация "Кореянын билим берүү системасы жана билимди баалоо ыкмаларын үйрөнүү" аттуу семинарына катышууда.
Семинардын жүрүшүндө Кореянын стандарттар жана баалоо боюнча институтунун адистери Кореянын билим берүү системасы, билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу боюнча ыкмалар, окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоо системасы, электрондук окуу китептерин түзүүгө болгон ыкмалар жана окутууда инновациялык технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Делегациянын курамында Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору У.Э. Мамбетакунов, профессор А.Молдокулов атындагы УИТМЛдин директорунун милдетин аткаруучу Ж. У. Ибрагимов жана ОшМУнун ага окутуучусу Э. А. Мидинова бар.
Семинар Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен Кореянын стандарттар жана баалоо боюнча институту (KEDI), Кореянын билим берүүнү өнүктүрүү институту (KEDI) жана Кореянын Билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулган. https://edu.gov.kg/posts/2651/
162 05:38 11-03-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|