Жанылыктар

Кесиптик-профилдик практика боюнча башталгыч конференция

2024-жылдын 5-февралында орус филологиясы факультетинде 4 курстун «РЛ(б)-1-20», «РЛ(б)-2-20», «РЛ(б)-3-20» тайпаларынын студенттери үчүн кесиптик-профилдик практика боюнча башталгыч конференция болуп өттү. Практикант студенттер педагогикалык практиканы Ош шаарынын 5 мектебинде өткөрөт: №7-орто мектеп, №6-орто мектеп, №53-орто мектеп, №18-орто мектеп, №27-орто мектеп. Орус тилин жана адабиятын окутуу кафедрасынын башчысы профессор Бекмухамедова Н.Х., практика башчысы Абдраманова С.К. жана кафедрадагы методисттер студенттер алдында сөз сүйлөштү.
340 09:09 06-02-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|