Жанылыктар

Орус филологиясы факультетинин стейкхолдерлери менен жолугушуу

2024-жылдын 21-февралында орус тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучулары тарабынан орус филологиясы факультетинде Ош шаарынын жана Алай, Кара-Суу, Өзгөн райондорунун мектеп директорлору, окуу бөлүм башчылары жана орус тили жана адабияты сабагынын мугалимдери менен "Орус филологиясы факультетинде бакалаврлар менен магистранттарды даярдоонун сапаты: натыйжалар жана мезгилдин жаңы талаптары аталышындагы" төгөрөк стол уюштурулду. Стейкхолдерлер менен болгон жолугушууга ОшМУнун практика жана карьера борборунун директоруТ.К.Матикеев жана ОшМУнун педагогикалык практикасы боюнча жооптуу А.Б.Батыралиев чакырылды. Орус филологиясы факультетинин деканы Г.А. Мадмарова саламдашуу сөз менен чыгып сүйлөдү. Студенттердин практикансынын жыйынтыктары жана азыркы учурдагы заманбап мектептин жаңы талаптары жөнүндө ОТАОМ кафедрасынын башчысы Н.Х.Бекмухамедова сөз сүйлөдү. Практика жетекчиси С.К.Абдраманова практиканын бардык түрлөрү боюнча жумушчу программалардын мазмуну менен тааныштырды. Төгөрөк столдуг ишине 1.Алмаматова Д.А. - Ош шаарынын М.В.Ломоносов атындагы №3 мектеп-гимназиясынын директору 2.Молдоматова Д.А. - Ош шаарынын А.Навои атындагы3 №18-мектеп-лицейинин орус тили жана адабияты секциясынын башчысы 3.Рустамова А.А. - Кара-Суу районуна караштуу Н.Примбердиев атындагы орто мектептин директорунүн окуу иштери боюнча орун басары. 4.Шнуренок Л.И. - Н.Нариманов атындагы №7-орто мектептин орус тили жана адабияты мугалими. Жалпысынан 16 стейкхолдер катышты. Мектеп мугалимдери менен студенттердин арасында тыгыз байланыштарды орнотуу үчүн төмөндөгүдөй сунуштар жасалды: 1.Мектептеги тажрыйбалуу мугалимдердин ачык сабактарына ОшМУнун орус филологиясы факультетинин 3-курсунун студенттерин чакыруу. 2.Практикант студенттерди Ош шаарынын түрдүү мектептерине жөнөтүү. 3.Факультеттин окутуучулары тарабынан мектептин мугалимдери менен жолугушууларды, семинарларды көбүрөөк уюштуруу
244 10:01 28-02-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|