Жанылыктар

“Манас эпосундагы малекеттик иденттүүлүк жана улуттук идеология”

2023-жылдын 4 декабрь “Манас” эпосунун күнүнө карата өткөрүлүүчү

“Манас эпосундагы малекеттик иденттүүлүк жана улуттук идеология” темасындагы иш-чаралары 6 декабрь күнү өткөрүлдү

ПРОГРАММАСЫ

Өтүлүүчү датасы жана убактысы: 2023-жылдын 6-декабрында саат 13:00 – 16-00 чейин.

Өтүлүүчү жайы: ОшМУнун искусство факультети.

1 бөлүм -киришүүфакультеттин кире беришинде “Манас - бул улуу сөз, улуу мурас” – деп аталган искусство факультетинин профессордук-окутуучулук курамынынан жана студенттеринен турган чыгармачыл жамаатынын Манас айтуулары менен башталган флешмоб өткөрүлдү. (Жооптуулар: А.Ж. Боронбаев, Р.А. Ормонов, А.К. Нурбаева, А.Арапов.

2- бөлүм “Кыргыз көчү жана Манас доору” – деп аталган экинчи бөлүктө факультеттин фойесинде Манас дооруна тиешелүү улуттук кийимдердин жана тарыхый сүрөт көргөзмөлөр коюлду.(Жооптуулар: А.Т. Марипов,Г.Т. Максытов, А.К. Нурбаева, А.Арапов)

3-бөлүм - “Манас таануу жана улуттук идеология” – деп аталган илимий-аналитикалыкилимийсеминарда факультеттин окумуштууларынын, аспиранттарынын жана магистрлеринин илимий баяндамалары, дискуссиялары, эркин барлашууларга жана кызыктуу суроо-жооптору ж.б.каралды.( Жооптуулар: проф. К.А. Исаков, А.К. Нурбаева).Бул иш чараны ачып берүүчүн ОшМунун илимий –изилдөө бөлүмүнүн директору доцент Н.Н.Курбанбаевага берилди.

Илимий баяндама жасоочулар: 1.Мурзакматов Аманбек Камытович – Философия жана политология кафедрасынын доценти,ф.и.к. Илимий баяндамасы “Кыргыз элинин дипломатиялык этикети ( Манас эпосунун мисалында)”

2.Мангиева Парида Апазовна –“Музыкалык тарбиялоонун усулу,теориясы жана хорду дирижерлөө” кафедрасынын улук окутуучусу. Илимий баяндамасы “Манас музыкада”

3.Бегмамат кызы Буабида –“Дизайн” кафедрасынын окутуучусу илимий баяндамасы “Манас доорундагы улуттук интерьердин эстетикалык табияты”.

4.Исаков Кубанычбек Абдыкадырович - Философия жана политология кафедра башчысы философия илимдеринин доктору,профессор. Илимий баяндамасы “Улуттук идеология жана “Манас” эпосу менен болгон контрасты.

Бул илимий семинардын аягындаОшМУнун илимий иштери боюнча проректору физ.мат.и кандидаты доцент Р.Н. Арапбаев сөзгө чыгып жыйынтыктап берди.

Жыйынтыктоо бөлүмүндө “Манас” эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2023-27-жылдардагы ишке ашыруу концепциясынын аткарылуучу иш-чаралары жөнүндө конкреттүү практикалык жүзөгө аша турган чечимдерди кабыл алынды.

238 09:48 07-12-2023

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|