Жанылыктар

ОшМУнун ТТатф доценти т.и.к. Абжапарова Д.А«Геодезия жана аралыктан зонддоонун заманбап проблемалары». деген темада конок лекция окуп келди.

2023- жылдын 7-8-ноябрында Ташкент архитектура жана курулуш, И. Каримов атындагы Ташкент мамлекеттик техникалык университеттеринде «Геодезия жана жер кадастры» адистигинде окуп жаткан студентерге ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультеттин доценти т.и.к. Абжапарова Д.А. «Геодезия жана аралыктан зонддоонун заманбап проблемалары» деген темада конок лекция окуп келди. Конок лекциянын эн негизги максаты билим берүү жана илимий изилдөөлөр тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки тараптын ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүү, окуу-методикалык иштер, ошондой эле окуу пландары жана программалары боюнча лекцияларды окууга, тажрыйба жана маалымат алмашууга тараптардын өкүлдөрүн чакыруу болуп саналат.
268 09:12 10-11-2023

                 

Жанылыктар

|< 3 4 5 6 7 >|