Жанылыктар

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети Армениянын ЖОЖдору менен байланыштарды күчөтөт

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, профессор Низамиев А.Г., экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын доцентинин м.а. Момошев Г.А. 2024-жылдын 8-13-январында Эразмус+ долбоорунун “Армения менен Кыргызстанда дисциплиналар аралык дипломдон кийинки билим берүү программаларын өнүктүрүү жана географиялык маалыматтык технологиялар тармагында изилдөө тармактарын бекемдөө” (GeoTAK) долбоорунун жыйынтыктоочу семинарына катышып келишти. Бул иш-чаранын алкагында Армениянын архитектура жана курулуш улуттук университетинде, Ереван мамлекеттик университетинде жана Армениянын Улуттук агрардык университетинде болуп, алардын материалдык-техникалык базасы жана эл аралык долбоорлор менен иштөөдөгү ийгиликтери менен таанышышты. Армениянын башкы жаратылыш сыймыгы болгон Севан көлүнө экскурсия жасалды.

631 06:46 15-01-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|