Жанылыктар

Сивас Жумхурийет университети менен ветеринария багытында байланыштар бекемделет.

ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы, профессор Абдугани Абдурасулов жана окуу жайдын рейтинг бөлүмүнүн инспектору, PhD Айнура Кулназарова 22-26-январь күндөрү академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Туркиянын Сивас шаарындагы Сивас Жумхурийет университетинде болушту.

Сивас Жумхурийет университеттин проректору, профессор Хилми Атасевен, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, Эразмус+ институтунун координатору професор Али Аксу, Ветеринария факультетинин деканы, профессор Барыш Аталай Услу жана окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, алдыдагы кызматташтыктар боюнча пикир алышты. Жолугушуулардын жыйынтыгында ОшМУнун ветеринардык клиниканын дарыгерлерин Сивас Жумхурийет университетинин клиникаларында стажировкадан өткөрүү, Сивас шаарында “ОшМУнун маданият жана билим күндөрүн” өткөрүү боюнча макулдашуулар жактырылды.


Иш сапардын алкагында Сивас Жумхурийет университетинин ветеринардык клиникасы, илим изилдөө лабораториялары менен жакындан таанышып, академиялык мобилдүүлүк, кадрларды даярдоо, илим-изилдөө иштерин биргеликте жүргүзүү маселелерин талкуулашты. Аталган окуу жайда академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алып жаткан ОшМУнун студенттери менен да жолугушту.

Профессор Абдугани Абдурасулов окуу жайда “Кыргызстандагы айыл-чарба малдарынын генетикалык ресурсу жана ветеринария кызматынын өсүшү” деген темада конок лекция окуду. Андан сырткары Сивас облусундагы “кангал” тукумундагы кочкорлордун, “кангал” тукумундагы кароолчу иттердин тоңдурулган уруктарын Кыргызстанга алып келүү менен өлкөдөгү койлордун жана иттердин породасын жакшыртуу максатын көздөгөн илимий изилдөө иштерин жүргүзүү пландашылды. “Кангал” тукумундагы койлор 14 кабыргасы менен айырмаланат. “Кангал” тукумундагы иттер бодо мал кайтаруучу, коргоочу катары белгилүү.

Азыркы убакта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессорлорунун жардамы менен Сивас университетинин паразитология лабораториясында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан 530 уйдан алынган кандын анализи уйлардын тейлериоз жана башка орууларын изилдөө максатта текшерилүүдө.
343 08:35 01-02-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|