Жанылыктар

УКК-4-23 тайпасынын ата-энелер чогулушу

2024-жылдын 6-апрель күнү УКК-4-23 тайпасынын ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушка Финансы-юридикалык колледжинин окуу-тарбиялык иштери боюнча Гүлдана Койчумановна, математика мугалими Кадырова Асалкан, орус тили мугалими Айдын Папановна, укуктун негиздери предмети боюнча мугалими Венера Тентикеевна катышышты. Чогулушту тайпанын куратору Абдылдаева Айнура Аттокуровна ачып, тайпасындагы студенттердин жалпы жетишкендиктери жөнүндө, алардын күчтүү жактарын жана жакшырта турган жактарын баса белгиледи. Мугалимдер студенттердин жеке жетишкендиктерин талкуулап, күчтүү, алсыз жактарын жана кошумча ата-энелер тарабынан колдоо керектигин билдиришти. Студенттердин алдыга умтулуусун камсыз кылуу үчүн мугалимдер менен ата-энелердин биргелешкен иш-пландары түзүлдү.
144 06:57 12-04-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|