Жанылыктар

Финансы жана банк иши ПЦКсында Брэйн–Ринг акыл таймашы уюштурулду

Финансы жана банк иши ПЦКсында 2024-жылдын 29-апрель күнү илим жумалыгына карата «Экономиканы өнүктүрүү экологияны сактоодон башталат» аттуу Брэйн–Ринг акыл таймашы уюштурулду. Таймашты ФБИ ПЦКсынын төрайымы Муратова Ч.К. ачып, командаларга ийгилик каалады. Таймашка Финансы (тармактар боюнча) жана Банк иши адистиктеринде окуган студенттерден куралган 6 команда катышты. Ар бир команда экономиканы өнүктүрүүдө экологияны таза сактоо жана коргоо керектиги тууралу кызыктуу маалыматтарды айтышты. Брэйн-ринг 4 тур менен коштолуп, катышуучу, көрүүчү студенттер арасында кызыгууну жаратуу менен жогорку деңгээлде өттү. Таймашта калыстар тобунун мүчөлөрү, ФБИ ПЦКнын окутуучулары Каарыбеков А., Каримова Г., Алиева Д., жеңүүчүлөрдү аныктап кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырышты.
123 06:37 07-05-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|