Жанылыктар

ОшМУнун "Медицина" факультетинин 30 жылдыгына арналган ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

2023-жылдын 22-23 июнунда ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ, ОшМУнун медицина факультетинин 30 жылдыгына, ошондой эле медицина факультетинин биринчи деканы м.и.д., профессор Жээнбаев Жолборс Жээнбаевичтин 75 жылдык мааракесине арналган “Теорияны ,билимди жана илимди колдонмо менен интеграциясыялоо” деген темада болуп өттү. Илимий конференцияга ОшГУнун ректору , Өзбекстандын, Россиянын, Италиянын, Польшанын жана Казакстандын жогорку окуу жайларынын илимпоздору жана профессордук-окутуучулук курамы катышты. Конференцияда илимий докладдар талкууланды. «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасындагы х.и.к., улук окутуучусу Матаипова Анаркан Кушубаковнага «ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери”деген наамы ыйгарылды. Кафедранын окутуучулары : Топчубаева Э.Т. «Характеристика внешнего дыхания у населения Кыргызской Республики, проживающего в условиях воздействия загрязнителей атмосферного воздуха” деген доклады менен жана окутуучу Абдыкарова А.С. ”Возрастно-половые характеристики заболеваний нервной системы у детей в Кыргызской Республике”деген темада илимий доклад окушту , аягында сертификаттар менен сыйланышты! Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз, ошондой эле конференцияны өткөрүүгө кафедранын профессордук-окутуучулар жамааты да активдүү катышкандыгын белгилейбиз. Жалпысынан илимий конференция ийгиликтүү, жогорку профессионалдык деңгээлде өттү!!!
163 04:28 24-06-2023

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|