Жанылыктар

Студентибиз Абдукаимов Абдубаситтин спорттогу ийгиликтери

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн программалык инженерния адистигинин студенти Абдукаимов Абдубасит спорт жаатында ийгиликтерди жаратып келет. Ош шаарында 2006-2007-жылдары жана 2008-2009-жылдары туулган жаштар арасында өткөрүлгөн “Кикбоксинг” боюнча Ош шаарнын ачык биринчилигенде 57 кг салмакта Абдукаимов Абдубасит 2-орунду ээледи. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн III эл аралык мелдешинде Ош МУнун ЭАББЖПМ нин студенти Абдукаимов Абдубасит 1-орунду ээлеп “ Губернатордун Кубогун” жеңип алды. Ал эми Ош шаарынын мэриясына караштуу дене тарбия жана спорт комитетинин “Сулайман Тоо” кубогуна арналган эл аралык мелдеште да Абдукаимов Абдубасит 1-орунду ээлеп, жеңишке жетти. ОшМУнун 85 жылдыгына арналган студенттер арасындагы бокс боюнча мелдеште 3-орунду эледи. Абдукаимов Абдубасит 4 жылдан бери спорттун бокс жана кикбокс түрү боюнча машыгып келет. Ал “Кикбоксинг” боюнча Кыргызстандын спорт чеберчилигине талапкер спортчулардын катарын толуктайт.

176 10:22 18-03-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|