15-март күнү ЭАББПЖМде ОшМУнун 85 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата интеллектуалдык оюн болуп өттү.
07:56
15-март күнү ЭАББПЖМде ОшМУнун 85 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата интеллектуалдык оюн болуп өттү.
Брейн-ринг эки этаптан туруп, биринчи этапта командалар республиканын тарыхы жана географиясы боюнча суроолор болсо, экинчи турда Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү инсандардын өмүр баяны тууралуу суроолорго жооп беришти.
Брейн-рингдин жеңүүчүсү болуп бардык суроолорго иш жүзүндө катасыз жооп беришкен ЭБСД-1-23 командасы табылды. Экинчи орунду РВ-1-23 командасы, үчүнчү орунду РВ-1-23 командасы ээледи. Бардык катышуучулар интеллектуалдык оюндун уюштуруучулары тарабынан акчалай сыйлыктар, китептер жана сертификаттар менен сыйланышты.
Бул оюн “Аймак таануу” программасына караштуу Студенттик илимий кружоктун алкагында уюштурулду.
158 07:56 02-04-2024