Жанылыктар

16-апрель күнү студенттер өздөрү жазган илимий докладдары боюнча баяндама жасашты.

Илим жумалыкта, студенттердин арасында илимий изденүүнү үйрөнүүнү жана маалыматты арттыруу максатында 16-апрель күнү студенттер өздөрү жазган илимий докладдары боюнча баяндама жасашты.


Биринчи баяндамачыбыз Ев-1-20 тайпасынын студенти Камчыбекова Мырзайым “Основы цифрового правительства” аттуу докладдын презентациясын тартуулады.Бул тема азыркы убакта актуалдуу экени талашсыз ,студенттер да кээ бир тиркемелерди колдонгонун жана анын жетишкендиктерин ошол эле учурда кемчиликтерин талкуулашты.
Экинчи болуп ЕВ-1-22 тайпасынын студенти Алишеров Байаман “Кыргызтан менен Германиянын ортосундагы байланыш” деген теманы алып чыкты. Бул доклад Германияда “Ausbuldung” программасы менен окуп жана иштеп жаткан студенттен түз эфир уюштуруп, маек жүргүзүлдү.Азыркы убакта көпчүлүк студенттер бул өлкөгөгө барууга кызыгып ,кошумча курстарда окуп жатышат , ошого кызыккан суроолорун бере алышты. Кийинкы студент Калилова Сезим АПЛ -2-23 тайпасынан “Green economy is the direction chosen by the world” атту презентациясы менен кызуу талкууланып ,студенттер өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдиришти. Акыркы баяндамачыбыз “Proper nutrition is the source of health” деген тема менен АПЛ-2-23 тайпасынан Каныбекова Сайкал чыкты.Сайкал башкалардан өзгөчөлөнүп туура эмес тамактарды колдонуу боюнча эксперимент көрсөтүп берди. Студенттердин бул илимий макалалары ,илимий жетекчиси менен биргеликте каралып “ОшМУнун жарчысы ” журналына жөнөтүлмөкчү болду. Жыйынтыгында студенттердин презентациялары боюнча пикирлер жана сунуштар мугалимдер, курдаштары жана башка катышуучулар тарабынан айтылды. Ушундай иш чаралар студенттердин илимге жана изилдөөгө болгон кызыгуусуна чоң таасир тийгизди жана алардын билим алуу маданиятын жана кызыгуусун арттырды

145 06:39 19-04-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|