News

ОшМУнун юридика факультетинин студенти китеп окуу сынагында автоунаа утту

Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинин 3-курсунун студенти Нурпери Бектурсун кызы эл аралык китеп окуу сынагында 1-орунду ээлеп, баш байге автоунаанын ээси болду. Сынак "Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы" китеби боюнча өткөрүлгөн. Конкурска жалпы 7 миңден ашуун окурман катышып, алдыңкы 100 китеп окуган катышуучуга атайын сыйлык жана эң алдыңкы 3 орунга байгелүү сыйлыктар ыйгарылды. Китеп окуу сынагын "Мухаммед Умар" коомдук бирикмеси менен Kitep.kg дүкөнү биргеликте уюштурган. Жеңүүчүлөргө белектерди тапшыруу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, ректор Кудайберди Кожобеков катышты.
332 03:06 04-03-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|