News

АТУУЛДУК СТИПЕНДИЯ-2023

ОшМУда «АТУУЛДУК СТИПЕНДИЯ-2023» конкурсу болуп, жыйынтыгында ОшМУнун эң алдыңкы 10 студенти академиялык жетишүүсү жана илимий, коомдук-маданий ар тараптуу жетишкендиктери боюнча тандалып алынды. Бул конкурска МИТ факультетинин информациялык системалар жана технологиялар адистигинин ИСТ(б)-1-20 тайпасынын студенти Аппозова Зулайка Ырысбаевна катышып, жеңүүчү деп табылып жогорудагы 10 стипендианттардын катарына кирди. 29-ноябрь күнү атуулдук стипендиянын 10 жылдыгына арналган салтанатта ОшМУ тарабынан куттуктоо аземи болуп, Аппазова Зулайка сертификатка ээ болду. Аппозова бир жыл бою ай сайын 10000 сом өлчөмүндө профессор С. Каримов агайдын стипендиясын алат. Зулайканы МИТ факультетинин жалпы жамааты куттуктайбыз жана мындан ары да көптөгөн ийгиликтерге жетишеине тилектешпиз.
411 18:01 10-12-2023

                 

News

|< 2 3 4 5 6 >|