News

Спартакиадада ИПК 1-орунду ээледи

ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөн спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде ректор Кудайберди Кожобеков айтты. Ошондой эле спорттук мелдешке жигердүү катышкан окутуучуларга ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди. Спартакиаданын жыйынтыгында командалык эсеп боюнча 1-орунду Индустриалдык-педагогикалык колледж, 2-орунду STEM инновациялык колледжи, 3-орунду Бизнес жана менеджмент факультетинин командалары ээледи. Сыйлоо аземинде спорттук мелдеште мыктылыгын көрсөткөн катышуучуларга “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты коргоочу” номинациялары ыйгарылды. Жеңишке жеткен командалар, мыкты оюнчулар окуу жайдын жана кесиптик бирликтин дипломдору, кубоктору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Спартакиаданын байге фонду 100 миң сомду түздү. Профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда өткөн спартакиада спорттун 7 түрү волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси, тогуз коргоол, ордо жана шахмат боюнча болду. Мелдештерге окуу жайдын бардык факультеттеринен, колледждеринен, мектеп-лицейлеринен командалар катышты. Мелдештер 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку аялдар жана эркектер арасында өттү.
339 11:47 30-12-2023

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|