News

ИПКда окутуучулар үчүн семинар, тренингдер уюштулду.

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин гуманитардык-педагогикалык бөлүмдүн ПЦКларында окутуучулардын өз билимин өркүндөтүү жана квалификациясын жогорулатуу максатында 10-12-январь күндөрү семинарлар уюштурулду. 10-январь күнү педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Абдураимова Зарийпа Самашевна «Мугалимдин кеби жана анын педагогикалык процесстеги ролу» деген темада, улуттук тренер З.Абдышева "Баалоонун түрлөрү. Калыптандыруучу баалоонун техникалары" аталыштагы семинарларды өткөрүштү.11-январь күнү Табигый дисциплиналар циклына "Возрастная психология" темасында, Сибирский Федеральный университетинин психология илимдеринин кандидаты Логинова Наталья Федоровна семинар-тренинг өтүп берди. Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Токтайым Акаевна « Билим берууго инвестициянын экономикалык таасири» деген темада 11-январь күнү семинар өткөрдү. 11-12-январь күндөрү математикалык дисциплиналар циклинын торагасы, доцент Байгазиев Кадырберди агай “Студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу”, “Тексттүү маселелерди чыгаруунун жолдору” деген темаларда семинар өткөрдү. 12-январь күнү эл аралык тренер Досматова Дж.Н. филологиялык циклдык комиссиясынын окутуучуларына "Структура современного урока" аталыштагы семинар өткөрдү.
358 12:10 12-01-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|