04.03.2024
Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык юбилейине жана 8-март "Аялдардын эл аралык күнүнө" карата «Бизнес жана менеджмент» факультетинин адистиктер (окутуучу-эжекелер жана студент-кыздар) ортосунда спорттун ВОЛЕЙБОЛ түрү боюнча Декандын кубогу болуп өттү.
Бул спорттук турнирдин негизги максаты:
1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;
2. Волейбол оюнун пропагандалоо;
3. Окутуучулар менен студенттердин ден-соолугун чындоо;
4. Спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү;
5. Окутуучулар менен студенттердин байланышын чындоо;
6. Окутуучулар менен студенттерди сергек жашоого үндөө.
Оюндун жүрүшү абдан кызыктуу болду. Жыйынтыгында иш-чара өз максатына жетти.
Жеңүүчү командалар I-II-III-даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:
· “Менеджмент” адистигин студенттеринен куралган кыздар командасы 1-орунду;
· “Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу” адистигинин студенттеринен куралган кыздар командасы 2-орунду;
· БжМ факультетинин “Профессордук окутуучулук курамынан (40+)” түзүлгөн курама команда 3-орунду багындырышты.
Бул турнирге катышкан ар бир спортчуга ден-соолук каалайбыз. Урматтуу айымда майрамыңыздар кут болсун!!!