06.03.2024
ОшМУнун БжМ факультетинде Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык юбилейине жана 8-Март «Аялдардын эл аралык күнүнө» карата «БиМ мырзасы 2024»аталышында кароо-сынак болуп өттү.
Бул сынактын жыйынтыгында:
I-орунду “Экономика жана салыктар” кафедрасынын студенти Уланов Марлен Уланович багындырып I-даражадагы дипломдор, акчалай сыйлык жана “БиМ мырзасы 2024” аталышында статуэтка менен сыйланды;
II-орунга “Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу” кафедрасынын студенти Алтынбек уулу Нурбек жетишти;
III-орун “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит” кафедрасынын студенти Сейдалиев Нургазы үчүн ийгиликтүү болду.
II-III-орунду багындырган жеңүүчүлөр II-III-даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.