News

ОшМУнун БжМ факультетинде шахмат жана тогуз коргоол боюнча турнир болуп өттү

18.03.2024

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдыкюбилейине жана 21-Март “Нооруз”күнүнө карата БжМ факультетинин студенттеринин жана профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда спорттун ШАХМАТ жана ТОГУЗ КОРГООЛтүрү боюнча БжМ факультетинин «Мыкты шахматчысы», «Мыкты тогуз коргоолчусу» наамы үчүн КР УИА мүчө корреспонденти, э.и.д., профессор П.КУПУЕВДИН КУБОГУНУН алкагында уюштурулган мелдеш болуп өттү.

Бул спорттук турнирдин негизги максаты:

1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;

2. Шахмат жана тогуз коргоол оюндарын пропагандалоо;

3. Окутуучулар менен студенттердин ден-соолугун чындоо;

4. Үзгүлтүксүз спорт менен машыгууга үйрөтүп, спортко болгон кызыгуусун өнүктүрүү;

5. Окутуучулар менен студенттердин байланышын бекемдөө аркылуу коруппциялык процесстерди жокко чыгаруу;

6. Окутуучулар менен студенттерди сергек жашоого үндөө.

7. БжМ факультетинин Шахмат жана Тогуз коргоол боюнча курама командасын аныктоо;

8. Эң мыкты спортчуну сыйлоо

Оюндун жүрүшү абдан кызыктуу болду. Жыйынтыгында иш-чара өз максатына жетти.

Жеңүүчүлөр I-II-III-даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:

Бул турнирге катышкан ар бир спортчуга ден-соолук каалайбыз.


138 05:49 20-03-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|