Спорттук мелдеш.
04:15
ОшМУнун 85 жылдык мааракесине жана 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата факультеттер аралык эжекелер арасында волейбол боюнча мелдеште медицина факультетинин командасы 3-орунга жетишти. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз.
Волейбол-бул тээ асманга секирүү,
Болбош кк топ чыкканда кечигүү.
Коргогондой мекениңди душмандан,
Корооңо топ түшүрбөстөн бекилүү.
Алты баатыр бир адамдай кубанып,
Алты баатыр бир адамдай өкүнүү.
Алоолонгон депрессиянын жалынын ,
Алакандын күчү менен өчүрүү.
Ороп алчу давления, инсульттай,
Ооруларды бир силкинип кетирүү...
284 04:15 05-03-2024