Медицина факультетинде бак-дарактарды отургузуу боюнча иш-чара болуп өттү.
23:58
2024- жылдын 18-мартында Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде бак-дарак отургузуу иш-чарасы ѳтүп, ага ОшМУнун ректору, проректорлору, профсоюзунун торагасы, медицина факультетинин деканы жана кафедра башчылары, окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери катышты.
Иш-чара ОшМУнун 85 жылдыгына арналды.
Жалпысынан 85 даана бак-дарактын кѳчѳтү, медицина факультетинин кампусунун алдына отургузулду.
Иш чарада ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобеков,
Кампусту жашылдандыруу менен ѳлкѳнүн келечегин жашылдандырууга салым кошуу жана бак-дарактарды отургузуу, аларга кам көрүү аркылуу жаш муундарга экологиялык баалуулуктарга, жаратылышка аяр мамиле кылууну үйрөтүү жөнүндө кайрылуу жасады.
170 23:58 18-03-2024