News

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде “Илимий жумалык” старт алды

2024-жылдын 15-апрелинде эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде доцент, филология илимдеринин кандидаты Мараш-Оглы Шукри Вазировичтин 70-жылдык юбилейине арналган “Илимий жумалык” башталды. Илимий жумалыктын ачылыш аземине ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, доцент Арапбаев Руслан Нурмаматович, кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси, доцент Турдубаева Гулсара, ЭАББПЖМнын профессордук-окутуучулук курамы, коноктор жана студенттер катышты. Шукри Вазирович “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” төш белгиси менен сыйланып, иш-чарага келген коноктор студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программага күбө болушту.

103 06:53 18-04-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|