Haber

Сергек жашоо жана ден соолук жылы

ОшМУнун ректорунун жарылыгына ылайык “Сергек жашоо жана ден соолук жылы” ошондой эле ОшМУнун 85 жылдык юбилейине жана 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата МИТ факультетинде спорттун "кичи -футбол" түрү боюнча “Декандын кубогуна” арналган турнир болуп өттү. Турнирге МИТ факультетинин 1-2-3-4- курстары жана жаш окутуучулар командаларды курап жалпысынан 9 команда катышты. Оюн мыкты деңгээлде, уюшкандыкта өтүп, жыйынтыгында 1-орунга ИСТ(б)-1-22 тайпасы, 2-орунга 3-курстар командасы, 3-орунга 4-курстар командасы, орундарды камсыздашты. Декандын кубогун ИСТ(б)-1-22 тайпасы жеңип алышты. Оюнга дэмөөрчүлүк кылган факультетибиздин декандын милдетин аткаруучу, доцент Толкунбек Мамытовичке жана декандындын орун басарлары Абдумиталип уулу Кубат агайга, Бекмырза уулу Ыбадылла агайга жана факультеттин профбюросунун төрагасы Алмазбек уулу Эрмамыт агайга, калыстык кылып берген Пакал уулу Долонбек агай менен Равшан уулу Сыймык агайларга ыраазылык айтабыз. Турнир МИТ факультетинин декандын тарбия иштери боюнча орунбасары Сатибай уулу Бектурсун тарабынан уюштурулду.
157 10:44 19-03-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|