Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу семинарларынын 3-туру старт алды
10:20
06-11-2025
164
2025-жылдын 4-ноябрында ОшМУнун Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу боюнча семинарлардын үчүнчү туру башталды.
Бүгүн, 6-ноябрда, семинар Кыргыз-кытай факультетинде улантылды. Иш-чараны 2024–2025-окуу жылындагы «Педагогикалык дебют – 2025» жана «ОшМУнун заманбап СӨАИ чебери – 2025» сынактарынын жеңүүчүлөрү — МФТИТИнин окутуучусу Калбаев Жанболот Искендерович жана STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Мамай уулу Жеңишбек алып барышты.
Семинарлар профессордук-окутуучулук курамдын активдүү катышуусу менен өтүп, жаңы методдорду үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналууда.