Haber

ИПКнын 3-курсунун студенти Наргиза Жолдошбай кызы республикалык WorldSkills аймактык кароо-сынагында 1-орунга ээ болду

Индустриалдык-педагогикалык колледжнин 3-курсунун студенти Наргиза Жолдошбай кызы республикалык WorldSkills аймактык кароо-сынагында 1-орунга ээ болду. Кароо-сынак кечээ, 26-декабрда, ОшМУнун окуу-өндүрүш комплексинде өтүп, ага “Мода технологиясы” адистиги боюнча билим алып жаткан колледждердин жана кесиптик лицейлердин студенттери, окутуучулары катышты. Кароо-сынакта катышуучулар түрдүү стилдеги кийимдерди жаратуу, алардын эскизин чийүү, кийимдердин дизайнын эстетикасы жана тигүү технологиясынын негизинде таймашты. Мында алар колдонулган кездемелердин өзгөчөлүгүн жана заманбап тигүү жабдууларынын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кийимдерди тигишкен. WorldSkills International – эл аралык коммерциялык эмес ассоциация болуп, жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесиптик даярдоонун жана квалификациянын статусун жана стандарттарын жогорулатуу максатында бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүп келишет. Кароо-сынакка республика боюнча 51 окуу жайы, анын ичинде 9 колледж жана 42 кесиптик лицейдин студенттери катышты. Кароо-сынактын жыйынтыгы менен республикалык деңгээлдеги сынакка катышуу үчүн 8 билим берүү мекемеси тандалып алынат. Улуттук деңгээлдеги жеңүүчүлөр 2024-жылдын 10-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык сынакка барышат. Кароо-сынактын максаты — заманбап эмгек рыногунун талаптарына ылайык квалификациялуу кадрларды даярдоо. WorldSkills аймактык кароо-сынагын өткөрүүгө салым кошкондугу үчүн ОшМУнун окуу-өндүрүш комплексинин директору Нурабидин Маразыковго уюштуруучулар тарабынан Ыраазычылык кат тапшырылды.
371 10:59 30-12-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|