Haber

“Фармакология КВН олимпиада-2024”

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата “Базистик жана клиникалык фармакология” кафедрасы Фармакология предметинен “КВН олимпиада-2024” сынагы өткөрүлдү.Жалпысынан сегиз команда катталды,алар “Слово фармаколога”, “Суппозитории”, “Гиперлеч”, “МедфакКРАШбалдары”, “ЭнергоStyle” “Смехомиметики”, “ДозаЮмора”, “Авицена” командалары 5 тур боюнча куч сынашты. 🔹Эң мыкты деп “ДозаЮмора”-окутуучусу Гульжигитов М. 🔹1-орун “Слово фармаколога”-окутуучусу Бакирова Н. 🔹2-орун “Гиперлеч”- окутуучусу Жээнбаева М. 🔹3-орун “Смехомиметики”-окутуучу Гульжигитов М. 🔹3-орун “МедфакКРАШбалдары”-окутуучусу Эрмаматов М. Алдынкы орунду алган команда экзамендик сынактан бошотулуп, кубок,медальдар менен сыйланды. Иш чаарага ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы доцент Саттаров А.Э. , медицина факультетинин деканы проф. Ыдырысов И.Т., кафедранын түптөлүшүнө чоң салымын кошкон проф. Муратов Ж.К. катышып, өздөрүнүн белектерин ыйгарып кетишти. Иш- чааранын негизги максаты студенттерди биримдике ынтымака тарбиялоо менен Фармакологияга предметине болгон кызыгуусун арттыруу. Уюштуруучулар Арыпжанова А., Эрмаматов М. жогорку деңгээлде өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.
90 10:27 17-04-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|