Haber

21-март Нооруз майрамы

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине жана "21-март эл аралык Нооруз майрамына" карата Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара кадимки алас айтуу салты менен башталып, студенттерибизди жана колледжибиздин эмгек жамаатын кирип келген Нооруз майрамы жана Орозо айы менен директор Станбаев Өзгөнбөй Тиллебаевич куттуктады. Майрамдык иш чарада алты бакан тигилип, жаштар үчүн оюн-күлкү тартууланды. Нооруз майрамында Кыргыздын каада салттарынын бири болгон "Баланы бешикке бөлөө" жөрөлгөсүнөн сахналык көрүнүш көрсөтүлдү, унутулуп бара жаткан улуттук оюндар ойнотулду, колледждин таланттуу кыздары жагымдуу комуз күүлөрүн чертип, иш-чара майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.
145 18:29 20-03-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|