Haber

Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы

07.03.14ж. күнү 8-март “Аялдардын Эл аралык” күнүнө карата ЭБК-4-13, ФКК-4-13 тайпалары демилге көтөрүп Ош шаарындагы “Боорукердик” үйүндө кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп келишти. ФКК-4-13 тайпасы жана куратору Муратова Чолпон аталган уйдөгү 32 карыяга өздөрунун белектерин беришсе, ЭБК-4-13 тайпасынын студенттери куратору Исаков Кубаныч ал жердеги 31жаш балага өздөрүнүн таттуу белектерин жана жумшак оюнчуктарын , кийим-кечектерди тапшырып кайтышты. Иш-чаранын соңунда аталган тайпаларга жеринде тарбиялык саат өтүлүп, ушундай коомдун аялуу катмарына дайыма жардам берүүнү салтка айландыруу демилгеси көтөрүлүп, балдарды, ата-энелерди мындай жайларга тапшыруу кыргыз салтында жат көрүнүш экендиги белгиленди.
3634 15:17 12-03-2014

                 

Haber

|< 99 100 101 102 103 >|