Эл аралык кызматташтык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө.
03:27
05-03-2026
263
ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинде "Түрк дүйнөсүнүн адабий билим берүү мейкиндиги: Философиялык аспектилер жана окутуунун жаңы технологиялары" аталышындагы эл аралык онлайн вебинар болуп өттү. Вебинарда
Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын (НАНА) Философия жана социология институтунун «Түрк элдеринин философиялык ой жүгүртүүсүнүн тарыхы жана заманбап философиясы» бөлүмүнүн башчысы, философия илимдеринин доктору (PhD), доцент Алекперли Фаиг Газанфар оглы, Андижан мамлекеттик университетинин өзбек адабият таануу кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору Абдуллаева Дилдорахон Зумратбековна, Ош мамлекеттик университетинин филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы,
п.и.к., доц. Байтикова Бактыгүл Батырбековна, ф.и.к., Апышова Базаргүл Токтосуновна баяндама жасашты. Иш-чараны ОшМУнун проректору ф.м.и.к.,доц. У. Молдояров ачып берди. Вебинар эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоо менен студенттерге сапаттуу билим берүүдө инновациялык педагогикалык ыкмаларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.
Вебинардын соңунда резолюция кабыл алынды. Баяндамачыларга ОшМУнун ректорунун атынан тастыктама тапшырылды.
Чакырылган коноктор иш-чараны уюштурган Б.Апышова, Н. Сеитбекова, Г. Сулайманова эжекелерге ыраазычылыгын билдиришти