2025-жылдын 11-декабрында Финансы жана банк иши бөлүмүнүн окутуучулары Г.А. Каримова, Ч.К. Муратова , Т.Ж. Карабаева , Г.А.Таабалдиева, А. Анарбай кызы, Т. Сооронбек кызы академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы Хожоабад Политехникумуна жана Булакбашы Политехникумуна иш сапар менен барышты. Иш сапардын алкагында конокторду Хожоабад Политехникумунун жана Булакбашы Политехникумунун жетекчилиги жана жамааты жылуу тосуп алды. Жолугушууга политехникумдун директорлору, директордун орун басарлары жана жалпы окутуучулары катышышты. Жолугушууда эркин пикир алышуулар, ой бөлүшүүлөр жана эки мамлекеттин окутуунун стандарттары жана дуалдык окутуу методдору талкууланды. Өткөн бул жолугушууда эки мамлекеттин окуу жайларынын ортосундагы байланышты чыңдоо жана академиялык мобилдүүлүктү үзгүлтүксүз улантуу боюнча макулдашылды. Жалпысынан бул иш сапар жогорку дэңгээлде уюштурулуп, катышуучуларга иш сапарда жаңы методикалык усулдарды өздөштүрүүгө жана өз билимин жогорулатууга, кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жетишишти.