Haber

Илим жумалыгы башталды

Эл аралык билим берүү программалары жогорку мектебинде 15-апрелде салтка айланган “Илим жумалыгы” башталды. Бул жылы жумалыкты жогорку мектептин “Аймак таануу” программасы баштап берди. Жогорку мектептин улук окутуучу Абдимиталип уулу Нурсултандын модераторлугунда өткөн “Дүйнө өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүсүнүн аймактык аспекттери” аттуу секцияда “Аймак таануу” жана “Эл аралык мамилелер жана санарип дипломатия” прогроммаларынын РВ(б)-1-21, РВ(б)-1-22, РВ(б)-1-23 жана МОЦД(б)-1-22 тайпаларынын студенттери даярдаган докладдарын окушту. Студенттер өз докладдарында азыркы кезде актуалдуу болуп жаткан жашыл экономика, кибертерроризм, Борбордук Азиядагы чек ара маселелери, миграциялык көйгөйлөр, жапан маданиятынын өзгөчөлүктөрү, Түштүк Кореянын “жумшак күч” саясаты ж.б.у.с. маселелерге токтолуп, өз изилдөөлөрүн сунушту. Илимий отурум жандуу өтүп, суроо-жооп, талкуулар менен коштолду.
127 10:34 17-04-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|