ПЦКнын паспорту
ТАБИГЫЙ ДИСЦИПЛИНАЛАРДЫН ЦИКЛДЫК КОМИССИЯСЫ ТАРЫХЫ ЖАНА ПАСПОРТУ
      ОшМУнун Окмуштуулар Кеңешинин 2017-жылдын 30-августундагы чечими боюнча ректордун №745 буйругуна ылайык индустриалдык-педагогикалык колледжинин орто кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы түзүлгөн. Кафедра 2020-жылдын октябрында математика жана табигый дисциплиналар циклдык комиссиясына өзгөртүлүп түзүлгөн. ТДЦК ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
     2017-2020-жылды орто кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасы алгач 4 багытта окуу-методикалык иш жургузуп келген: эмгек рыногунун керектоолорунун канааттандырган компетентүү жана атандаштыкка туруштук берген орто кесиптик билимдүү болочок адистердин табигый-экологиялык, математикалык, эстетикалык билим берүүнүн жана методикалык даярдыктарын калыптандырууну ишке ашырат. 2020-жылы кафедра математикалык жана табигый илимдер дисциплиналарынын циклдык комисиясына өзгөртүлүп түзүлгөн. Ошол убактан тартып “Табигый дисциплиналарынын циклдык комисиясын” (ТДЦК) А.Багышев жетектейт. Азыркы учурда ТДЦКда 1 ага окутуучу 13 окутуучу жана эмгектенет. Окутуучулар өздөрү окуткан дисциплиналардын ОМКларын өркүндөтүүнүн үстүнөн иштөөдө. ТДЦКнын ДАРЕГИ:  
     Ош шаары, Г.Айтиев кочосу-4, ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжи.