Планы мероприятий

Окуу корпустарынын сырткы ажатканалыры



Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү

Ош Мамлекеттик Университетинин окуу корпустарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бир топ шарттар каралган. Атап айтсак ар бир окуу имараттардын негизги кирүү тепкичтерине пандустар, кармоочтор орнотулган. Имараттардын ар бир кабатка чыгуучу тепкичтерине кармоочтор орнотулуп, тепкичтердин сырдалуусу атайын көзү начар көргөн адамдар үчүн ыңгайлаштырылып сырдалган. Ошондой эле окуу имараттарынын сырткы ажатканаларында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар орнотулуп, атайын жеке кааналар каралган жана бүгүнкү күндө калган окуу имараттарында да шарттарды түзүү иштери пландаштырылып аткарылууда.