Научно -исследовательская работа студентов

ТТМИ бөлүмүндө студенттердин илимий конференциясы ийгиликтүү өткөрүлдү

22-апрель күнү ТТМИ бөлүмүндө студенттердин катышуусунда илимий конференция ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — жаш изилдөөчүлөрдүн илимий потенциалын өнүктүрүү, алардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана практикалык көндүмдөрүн чыңдоо болду. Конференциянын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн илимий макалаларын, аналитикалык изилдөөлөрүн жана инновациялык долбоорлорун сунушташты. Жалпысынан 14 доклад угулуп, ар бир иш мазмуну, жаңычылдыгы жана практикалык мааниси боюнча калыс мугалимдер тарабынан бааланды. Жыйынтыгында төмөнкүдөй жеңүүчүлөр аныкталды: 1-орун — Нурлан кызы Гүлжан, Эгенова Тансулуу «AgroGrid: сугат иштерин автоматташтыруу» темасындагы илимий изилдоо долбоору үчүн 2-орун — Тажибаев Арген «Студенттердин окуу жадыбалын Telegram бот аркылуу автоматташтыруу» долбоору үчүн 3-орун — Абдуллажанов Мухаммаджан «Аралыктан заказ берүү системасы» долбоору үчүн жана Узакбаева Асема «Социалдык тармактар эл аралык саясатта таасир этүүчү курал катары» аттуу мазмундуу доклады үчүн орундарга ээ болушту. Конференция жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер үчүн өз ойлорун эркин билдирүүгө, илимий тажрыйба топтоого жана жаңы идеяларды ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.


«Математика жана информатика — заманбап дүйнөнүн ачкычы» аттуу акыл таймаш өткөрүлдү

Турк тилдуу мамлекеттер интеграция болумунун окутуучулары Арапова Токтобубу жана Шадыева Турсунай илим жумалыгына карата Эл аралык билим беруу программаларынын жогорку мектебинин 1- курстарынын арасында “Математика жана информатика заманбап дуйнонун ачкычы” аттуу акыл таймаш откозуп, мыктылардын мыктысын тап жогорку денгээлде откозушту.Жыйынтыгында Рв 1-25 группасынын студенти Токтобаева Акмаанай 1- орун,ПИКТ 1-25 Зулунова Назира 2- орун ,ПИКТ 2-25 группасынынан Амиракулов Баястан 3- орун болду.


“Илим жумалыгы” алкагында математика боюнча олимпиада өткөрүлдү

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде өтүп жаткан “Илим жумалыгынын” алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн “Программалык инженерия” адистигинин 1-курс студенттеринин арасында “Математика” дисциплинасы боюнча олимпиада өткөрүлдү. Аталган олимпиада Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Орозов М. О. жана ф.-м.и.к., доцент Мамытов А. О. тарабынан уюштурулуп, жогорку деңгээлде ишке ашырылды. Иш-чаранын жыйынтыгы “Илим жумалыгынын” жыйынтыктоочу күнүндө чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышат.


ЭАББПЖМде «Программалык инженерия» адистигинин 1-курс студенттери арасында олимпиада өткөрүлдү

ЭАББПЖМде «Программалык инженерия» адистигинин 1-курстары арасында олимпиада болуп өттү Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинде (ЭАББПЖМ) студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга багытталган кезектеги интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Түрк тилдүү мамлекеттер интеграциясы (ТМИ) бөлүмүнүн «Программалык инженерия» адистигинде билим алып жаткан 1-курстун студенттери арасында окутулуп жаткан дисциплинасы боюнча олимпиада уюштурулду. Бул иш-чара болочок IT-адистеринин теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруусуна жана атаандаштык чөйрөдө өз мүмкүнчүлүктөрүн сыноосуна мыкты аянтча болуп берди. Олимпиаданын уюштуруучулары: Иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө ЭАББПЖМдин ТМИ бөлүмүнүн башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Орозов Максат Омурбекович жана бөлүмдүн окутуучусу Абжапар кызы Фарида түздөн-түз жетекчилик кылышты. Иш-чаранын негизги максаттары: Студенттердин заманбап маалыматтык технологиялар жана программалоо багытындагы билимдерин тереңдетүү. Логикалык ой жүгүртүүнү өстүрүү жана татаал алгоритмдик маселелерди чечүү көндүмдөрүн калыптандыруу. Келечектүү жаштарды компьютердик графика, программалык камсыздоо жана заманбап IT-чечимдерди иштеп чыгууга шыктандыруу. Биринчи курстан баштап эле мындай академиялык жана технологиялык таймаштарга катышуу жаш программисттердин келечектеги кесиптик өсүшүнө бекем пайдубал болот. Студенттик мезгилдеги жигердүүлүк, демилгелүүлүк жана жаңы билимдерге болгон умтулуу — ийгиликтүү программист болуунун негизги ачкычы. Бардык катышуучуларга активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз жана окууларында албан ийгиликтерди каалайбыз!


КОМАНДА ОШГУ ЗАНЯЛА 3 МЕСТО В ОСЕННЕМ ХАКАТОНЕ


В ПРОШЕДШЕЙ (НЕПРОФИЛЬНОЙ) МЕЖФАКУЛЬТЕТСКОЙ СТУДЕНЧЕСКОЙ ОЛИМПИАДЕ ПО ИНФОРМАТИКЕ ОШГУ ПРИНЯЛИ УЧАСТИЕ 11 СТУДЕНТОВ ВШМОП.