Кванттык технологиялар жана машина үйрөнүү боюнча конок лекция өтүлдү
2026-жылдын 21-май күнү Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы жогорку мектебинин Программалык инженерия багытында билим алып жаткан студенттер үчүн Түркия Республикасынын Balıkesir University университетинин доктору Севданур Генч тарабынан «Кванттык технологиялар жана машина үйрөнүү» аттуу конок лекция уюштурулду. Лекциянын жүрүшүндө кванттык технологиялардын бүгүнкү күндөгү өнүгүү багыттары, инженерия тармагындагы колдонулушу, программалоо менен болгон байланышы жана машина үйрөнүү технологияларынын келечеги тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле жасалма интеллект, маалыматтарды иштетүү жана заманбап технологиялардын илим менен өндүрүштөгү орду боюнча кызыктуу мисалдар келтирилип, студенттер үчүн пайдалуу практикалык түшүндүрмөлөр сунушталды. Конок лекцияга бөлүмдүн окутуучулары, жаш изилдөөчүлөрү жана студенттери активдүү катышып, спикерге өздөрүнүн кызыктырган суроолорун узатып, талкуу жандуу форматта өттү. Айрыкча кванттык технологиялардын келечектеги IT тармагындагы ролу студенттердин чоң кызыгуусун жаратты. Иш-чаранын соңунда катышуучулар мындай эл аралык илимий жана академиялык жолугушуулар студенттердин кесиптик көз карашын кеңейтүүгө, жаңы технологияларга болгон кызыгуусун арттырууга жана эл аралык тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти. Ошондой эле эки тарап мындан ары да илимий-академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен иш-чараларды уюштурууга кызыктар экендиктерин билдиришти.
Түрк тилдүү мамлекеттердин интергациясы бөлүмүнүн студенттери кесиптик билимдерин чыныгы жагдайда сыноо үчүн практикага чыгышты.
2-курс ПИКТ-1-23 тайпасынын студенттери "Окуу-өндүрүштүк практика" боюнча иштеп жатышат. Бул этап аларга теориялык билимдерди ишке ашырууга, өндүрүштүк процесстерге таанышууга жана кесиптик тажрыйба топтоого мүмкүндүк берет.
4-курс ПИКТ-1-21 тайпасынын студенттери "Квалификациялык практика" боюнча иштеп жатышат. Алар өздөрүнүн кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн акыркы сынактан өткөрүп, бүтүрүү ишин даярдоодо. Бул практика аларга чыныгы адис катары өсүүгө жардам берет.
Практиканын негизги максаты – студенттердин кесиптик билимдерин чыныгы жагдайда колдонууга үйрөтүү жана аларды келечектеги ишке даярдоо.
Практиканын жыйынтыктары жана кызыктуу окуялар жакында сайтыбызда жарыяланат. Көз салып тургула!

Практика 4-курс









