Гостевые лекции
Ата-энелер менен тыгыз байланыш – сапаттуу билимдин кепилдиги

Кванттык технологиялар жана машина үйрөнүү боюнча конок лекция өтүлдү

2026-жылдын 21-май күнү Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы жогорку мектебинин Программалык инженерия багытында билим алып жаткан студенттер үчүн Түркия Республикасынын Balıkesir University университетинин доктору Севданур Генч тарабынан «Кванттык технологиялар жана машина үйрөнүү» аттуу конок лекция уюштурулду. Лекциянын жүрүшүндө кванттык технологиялардын бүгүнкү күндөгү өнүгүү багыттары, инженерия тармагындагы колдонулушу, программалоо менен болгон байланышы жана машина үйрөнүү технологияларынын келечеги тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле жасалма интеллект, маалыматтарды иштетүү жана заманбап технологиялардын илим менен өндүрүштөгү орду боюнча кызыктуу мисалдар келтирилип, студенттер үчүн пайдалуу практикалык түшүндүрмөлөр сунушталды. Конок лекцияга бөлүмдүн окутуучулары, жаш изилдөөчүлөрү жана студенттери активдүү катышып, спикерге өздөрүнүн кызыктырган суроолорун узатып, талкуу жандуу форматта өттү. Айрыкча кванттык технологиялардын келечектеги IT тармагындагы ролу студенттердин чоң кызыгуусун жаратты. Иш-чаранын соңунда катышуучулар мындай эл аралык илимий жана академиялык жолугушуулар студенттердин кесиптик көз карашын кеңейтүүгө, жаңы технологияларга болгон кызыгуусун арттырууга жана эл аралык тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти. Ошондой эле эки тарап мындан ары да илимий-академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен иш-чараларды уюштурууга кызыктар экендиктерин билдиришти.


Ата-энелер менен тыгыз байланыш – сапаттуу билимдин кепилдиги

Балыкесир университетинин профессорлору ЭАББПЖМде конок лекция өтүштү

Балыкесир университетинин «Компьютердик инженерия» факультетинин профессор-доктору Айхан Истанбуллу жана доктор Мехмет Өзжан тарабынан коно


Ата-энелер менен тыгыз байланыш – сапаттуу билимдин кепилдиги

Ата-энелер менен тыгыз байланыш – сапаттуу билимдин кепилдиги

Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн «Программалык инженерия» адистигинде билим алып жаткан студенттердин ата-энелери үчүн жыйын өткөрүлдү. Жыйынды Жогорку мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Асель Жамаевна ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө окуу жайдын жетишкендиктерине токтолуп, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кыскача маалымат берди. Андан соң бөлүм башчысы Максатбек Омурбекович сөз алып, окутуучулар курамын ата-энелерге тааныштырып, окуу процесси тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле ал ОшМУдагы студенттерге берилген стипендиялар, ар кандай жеңилдиктер жана заманбап техникалык базалар боюнча да кенен токтолду. Кийинки сөздү окутуучу Тынчтыкбек Майрамбекович алып, студенттердин жетишкендиктери, ийгиликтери жана ар кандай иш-чаралардагы активдүүлүгү тууралуу кеңири баяндама жасады. Жыйын суроо-жооп форматы менен уланып, ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Жыйындын соңунда ата-энелер Жогорку мектептин аудиториялары жана материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Иш-чара жылуу маанайда жыйынтыкталып, ата-энелер менен жамааттык сүрөткө түшүү менен аяктады. Бөлүм башчысы жыйынга катышкан ата-энелерге ыраазычылык билдирип узатты.


Жасалма интеллект доорунда — дүйнөлүк тажрыйба ОшМУда
ГОСТЕВЫЕ ЛЕКЦИИ

Жасалма интеллект доорунда — дүйнөлүк тажрыйба ОшМУда

Жасалма интеллект (AI) тездик менен өнүгүп, дүйнө жүзүндө бардык тармактарга өз таасирин тийгизип жаткан мезгилде, бул багыттагы эл аралык кызматташуулар өзгөчө мааниге ээ болууда. Ушундай маанилүү иш-чаралардын бири катары Кытай Эл Республикасындагы алдыңкы окуу жайлардын бири — Нанкин технологиялык институтунун өкүлдөрү Ош мамлекеттик университетине атайын иш сапары менен келишти. Бул жолугушууга ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин «Программалык инженерия» адистигинин окутуучулары жана студенттери активдүү катышты. Конок лекцияны Жасалма интеллект (AI) факультетинин деканы Zhu Hao жана ЖИ (AI)ни окутуу жана илимий изилдөө борборунун директору Zhezhe Han өткөрүштү. Лекциянын жүрүшүндө коноктор жасалма интеллекттин заманбап багыттары, инновациялык технологиялардын өнүгүүсү, дүйнөлүк тажрыйба жана илимий изилдөөлөр, ошондой эле AI тармагындагы билим берүү системасы боюнча кеңири маалымат беришти. Катышуучулар үчүн бул лекция жаңы билимдерди алууга, дүйнөлүк тенденциялар менен таанышууга чоң мүмкүнчүлүк түздү. Жолугушуу жогорку деңгээлде өтүп, эки тарап үчүн тең пайдалуу болду. Мындай иш-чаралар билим берүү жана илимий изилдөө тармагындагы байланыштарды чыңдап, келечектеги биргелешкен долбоорлорго жол ачат. Бул визит Ош мамлекеттик университети менен эл аралык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө чоң салым кошту.


В ОТДЕЛЕНИИ ТМИ ВШМОП СОСТОЯЛАСЬ ВСТРЕЧА С ПРОГРАММИСТАМИ IT-КОМПАНИИ PROLAB ДЛЯ СТУДЕНТОВ СПЕЦИАЛЬНОСТИ ПРОГРАММНАЯ ИНЖЕНЕРИЯ.