2022-2023

Бишкек шаарында 26-февралда шахмат боюнча Москва мамлекеттик университетинин Кубогуна тандоо иретинде өткөн командалык турнирде ОшМУнун командасы I орунду ээледи. Жеңишке жеткен команда 2023-жылдын 14-19-май күндөрү Москвада өтүүчү ММУнун Кубогу – 2023 турнирине Кыргызстандын ЖОЖдорунун атынан катышат. ОшМУнун шахмат боюнча курама командасында шахмат боюнча чебер, дене тарбия факультетинин окутуучусу Ырысбек Алдашукуров, медициналык колледжинин окутуучусу, шахмат боюнча кандидат Нурказы Исираилов, STEM инновациялык колледжинин 3-курсунун студенти Бектемир уулу Кайратбек бар.

НКББПны талкуулоо 2023-жылдын 2-февралында Информациялык технологиялар бөлүмүнүн АСОИУ, ПИЭ жана ТОСВТ адистиктеринин "Негизги кесиптик билим берүү программасын" (НКББП) окутуучулар арасында талкуулоо болуп өттү. Тегерек столго информациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы А. Э. Саттаров, информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклынын башчысы К. К Шакиров кесиптик жана гуманитардык сабактардан берген окутуучулар катышты. 2022-2023-окуу жылына карата иштелип чыккан НКББП менен ар бир адистиктин программа жетекчилери тааныштырды. Жыйынтыгында окутуучулар өздөрүнүн пикир сунуштарын айтышып протоколдоштурулду.>