МФТИТи аялдар кеңешинин төрайымы
Абдималик кызы Жаркынай
Байланыш номери:
(+996) 552 020 060
Электрондук дареги:
jabdimalikkyzy@oshsu.kg
Аялдар кеңешинин Жобосу
1. Жалпы жоболор
1.1.
Бул Жобо Ош мамлекеттик университетинин (ОШМУ) Аялдар кеңешинин макамын, максатын, милдеттерин, түзүмүн жана ишмердүүлүк тартибин аныктайт.
1.2.
Аялдар кеңеши — ОШМУдагы аял кызматкерлердин жана студент кыздардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоону, алардын социалдык, маданий, руханий жана кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүнү максат кылган коомдук уюм болуп саналат.
2. Аялдар кеңешинин максаты
2.1.Университеттеги аялдардын жана студент кыздардын коомдогу ролун жогорулатуу, алардын демилгелерин колдоо жана ар тараптан өнүктүрүү.
2.2.Аялдардын жана студент кыздардын адеп-ахлактык, руханий жана патриоттук тарбиясын чыңдоо.
3. Функционалдык милдеттери
3.1.Университеттин бардык факультеттеринде жана бөлүмдөрүндө аялдар кеңештерин түзүү жана координациялоо.
3.2.Иш-чараларды уюштуруу:
- Адеп-ахлактык семинарлар, тренингдер, тегерек столдор;
- Мекенчилдик жана маданий жолугушуулар;
- Мотивациялык лекциялар жана mentorship программалары;
- Кесиптик мастер-класстар.
3.3.Зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Жобо ОшМУнун ректору тарабынан бекитилген жана демократиялык принциптерге негизделген.
2023-2024 иш план











