Центр по гендеру и психологической помощи

ПИжЖИде психология билим берүү программалары иш берүүчүлөр менен биргеликте талкууланды

13-февраль күнү ПИжЖИнин Психология кафедрасында профессордук-окутуучулук курамдын жана иш берүүчүлөрдүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Жолугушууда 530300 – «Психология» (бакалавр) жана «Психология (атайын билим берүү)» (магистратура) багыттары боюнча Негизги билим берүү программалардын (НББП) максаттары, окутуунун натыйжалары жана компетенциялары талкууланды. Иш берүүчүлөр НББПнын максаттары менен таанышып, кошумча компетенцияларды сунушташты жана окутуунун натыйжаларына тийиштүү толуктоолор киргизилди. Ошондой эле окуу процессинде теория менен практиканын интеграциясын камсыздоо, студенттердин практикалык чеберчилигин арттыруу приоритеттүү милдет катары белгиленди. Заманбап эмгек рыногунун муктаждыктарын эске алуу менен, тандоо курстарынын (КПВ) тизмесине жаңы, актуалдуу дисциплиналарды киргизүү сунушталды. Жыйынтыгында иш берүүчүлөр тарабынан айтылган баалуу пикирлер эске алынып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды.