100201 Туризм
STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн “Колдонмо геодезия” жана “Туризм” адистиктеринин бүтүрүүчү курс студенттери 2026-жылдын 20-апрелинен 16-майына чейин өндүрүштүк жана окуу талаа практикасын өтүштү.

Практиканын жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүү максатында бөлүм башчы Сатыбалдыев Байсал Салиевич, практика жетекчилери Касымова Зуура Советовна жана Боронов Самат Календерович биргеликте ишканаларга барып, студенттердин практика өтөө шарттары жана аткарып жаткан иштери менен жеринен таанышып келишти.

Сапардын жүрүшүндө студенттердин иш орундарындагы шарттары, аткарып жаткан тапшырмалары, кесиптик көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээли жана практика программасына шайкештиги текшерилди. Ошондой эле студенттерге практика учурунда сакталуучу эрежелер, милдеттер жана жоопкерчиликтер боюнча кошумча түшүндүрмөлөр берилип, алардын суроолоруна кеңири жооптор сунушталды.

Белгилей кетүүчү жагдай, практика өтүп жаткан айрым мекемелерде колледждин мурдагы бүтүрүүчүлөрү эмгектенип жатышканы кубанычтуу көрүнүш болду. Бул көрүнүш студенттер үчүн жакшы үлгү болуп, келечектеги кесиптик багытын аныктоого кошумча мотивация берди.


Окуу-таанышуу практикасы - Жыйынтык

Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн практикасы

Профессионалдык дициплиналар бөлүмүнүн "Колдонмо геодезия" жана "Туризм" адистиктеринин 11 база 1-курс жана 9 база 2-курстарынын студенттеринин 2 жумалык окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга бөлүм башчы Б.С. Сатыбалдиев, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова, бөлүмдүн практика жетекчилери Токтосунов Жумаш агай, Боронов С., Абдиев Б. жана 3-курстардын студенттери катышышты. Студенттер практикадан өзгөчө шыктануу менен кайтып келип, өздөрүнүн отчётторун мыкты деңгээлде тапшырышты. Бөлүм башчы жана практика жетекчилер сөзгө чыгып студенттерге өз каалоо тилектерин билдиришти.


Туристическая практика

Туристическая практика студентов ТМС9-1-23 и ТМС-1-24

2024-жылдын 25-октябрынан 7-декабрына чейин «Туризм» адистигинин ТМС9-1-23 жана ТМС-1-24 тайпаларынын студенттери туристтик компанияларда, мейманканаларда, ресторандарда жана туристтик бирикмелерде эки жумалык таанышуу практикасын өтүштү. Практиканын жүрүшүндө алар сабактарда алган теориялык билимдерин бекемдеп, кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүштү. Студенттер практикадан өзгөчө шыктануу менен кайтып келип, келечекте дагы көп практикалык тажрыйба алууга каалоо билдирди.


Туризм адистигинин ТМс9-1-22, ТМс1-23 тайпаларынын окуу-таанышуу практикасынын отчётторун кабыл алуу конференциясы учурунда.

" >


Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн "Туризм" адистигинин 9 база 2-курс жана 11 база 1-курсунун студенттеринин 12-февралдан 24-февралга чейин өтөп келген окуу-таанышуу практикасынын отчётторун кабыл алуу конференциясы. Конференциянга Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн жетекчиси, г.и.к., доцент Сатыбалдиев Б.С., СТЕМ инновациялык колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары Сарыков Р.Б. жана башка окутуучулар катышып, студенттердин отчётторун кабыл алышты.5-март 2024-жыл.