230110- Техническое обслуживание средств вычислительной техники и компьютерных сетей
230110 ТОСВКТиКС практика алдында

230110-ТОСВКТиКС адистигинин студенттери өндүрүштүк практика алдында

2024-жылдын 11-апрель куну STEM инновациялык колледжинде 230110 ТОСВКТиКС адистигинин бүтүрүүчү курстун студенттерине окуу процессинин жадыбалына ылайык, өндүрүштүк практикасына жөнөтүү алдында конференция уюштурулду. Конференцияга Информациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы, доцент А.Э. Сатаров, окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Н.П. Маликова, колледждин практика боюнча жетекчиси З. Касымова жана бөлүмдүн окутуучулары катышты. Конференцияда практика боюнча инструктаж, эреже-талаптар, милдеттер жана калыптандырылуучу компетенциялар менен тааныштырылып, студенттерден берилген суроолорго жооптор берилди. Өндүрүштүк практикасы 14.04.2025-ж. – 12.05.2025-ж. аралыгында төрт жумалык мөөнөттө, бөлүмдөн бекитилген практика жетекчилери, окутуучулар жана ишкана-мекемелердеги адистердин кеп-кеңеши жана көзөмөлүндө жүргүзүлөт.


Колдонмо информатика жана АСОИУ практикасы

“Колдонмо информатика” жана “АСОИУ” адистиктеринин студенттери өндүрүштүк практика алдында

Информациялык технологиялар болумундогу информациялык дисциплиналар циклынын "Колдонмо информатика" жана "АСОИУ" адистиктеринин бутуруучу курстарын 4 жумалык (14.04.2025-10.05.2025) ондуруштук практикага жонотуу боюнча конференция болуп өттү. Конференцияга колледждин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Сулайман уулу Заирбек, бөлүм башчы А. Э. Сатаров, коррупцияга каршы коммиссиясынын мучосу С.Боронов, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова, циклдын практика жетекчиси Рахманберди кызы М., жана 2-3-курстардын кураторлору, студенттери катышышты. Конференцияда практика боюнча инструктаж, эреже-талаптар, милдеттер менен тааныштырышып, студенттердин суроолоруна жооп беришти.


STEM инновациялык колледжинин практикасы 2025

STEM инновациялык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнүн 2025-жылкы окуу-өндүрүштүк практикасындагы мониторинг иш-чарасы

STEM инновациялык колледжинин Информациялык технологиялар бөлүмүнүн ТОСВТ жана информациялык дисциплиналар циклынын “Колдонмо информатика” жана “АСОИУ” адистиктеринин бүтүрүүчү курстары 2025-жылдагы окуу-өндүрүштүк практикасына чыгарылган:
АСОИУ: 03.11.2025 – 29.11.2025
ПИЭ, ТОСВТ: 17.11.2025 – 13.12.2025
Практиканын жүрүшүн текшерүү максатында ОшМУнун Практика жана карьера борборунун башчысы М. Д. Бабаев, улук инспектор Аринова Ч. Т., колледждин практика жетекчиси Касымова З., бөлүмдүн практика жетекчилери Рахманберди кызы М. жана Сманалиев Д. биргеликте төмөнкү ишканаларга барып, студенттердин абалы менен жеринен таанышып келишти.
Текшерүү төмөнкү мекеме-ишканаларда жүргүзүлдү: ОшМУнун башкы корпусундагы Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун компьютердик борбору, Финка Банк, Кыргыз Телеком, Ош шаарынын мэриясы, Ош областтык китепканасы, Дос-Кедо Банк, Эко Исламик Банк, Жети Түс полиграфиялык борбору, Арсенал полиграфиялык борбору.
Сапар маалында студенттердин иш орду, аткарып жаткан тапшырмалары, көндүмдөрдүн өнүгүү деңгээли жана практика программасына шайкештиги текшерилди. Ошондой эле аларга тиешелүү эреже-талаптар, милдеттер жөнүндө кошумча маалымат берилип, студенттердин суроолоруна кеңири жооптар берилди.
STEM инновациялык колледжи практика өтүп жаткан студенттерге ийгилик каалап, кызматташкан мекемелерге ыраазычылык билдирет.


Жыйынтыктоочу конференция

Информациялык технологиялар бөлүмүндөгү бүтүрүүчүлөрдүн окуу-өндүрүштүк практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференция

Информациялык технологиялар бөлүмүндөгү информациялык дисциплиналар циклынын "ТОСВТ", "Колдонмо информатика" жана "АСОИУ" адистиктеринин бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин 4 жумалык окуу-өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга ОшМУнун практика жана карьера борборунун улук инспектору А. Маткалыков, бөлүм башчы А. Э. Сатаров, цикл башчы К. К. Шакиров, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчилери Рахманберди кызы М., Сманалиев Д., Маликова, Н. Шарабидинова А., Капарова А, Молдалиева Ж. жана 1-2-3-курстардын студенттери катышышты.