24.03.2026-ж. :contentReference[oaicite:0]{index=0}де Информациялык коммуникациялык дисциплиналар циклынын «Колдонмо информатика» жана «АСОИУ» адистиктеринин 11 база 1-курс жана 9 база 2-курстарынын жыйынтыктоочу конференциясы
:contentReference[oaicite:1]{index=1}де 24.03.2026-ж. Информациялык коммуникациялык дисциплиналар циклынын «Колдонмо информатика» жана «АСОИУ» адистиктеринин студенттеринин окуу таанышуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү. Иш-чарага бөлүм башчылары :contentReference[oaicite:2]{index=2}, :contentReference[oaicite:3]{index=3}, колледждин практика жетекчиси :contentReference[oaicite:4]{index=4}, ошондой эле бөлүмдүн практика жетекчиси :contentReference[oaicite:5]{index=5} жана башка окутуучулар катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин окуу таанышуу практикасынын жыйынтыктары талданып, аткарылган иштер боюнча баяндамалар угулду. Окуу таанышуу практикасынын өтүү мөөнөтү: 02.03.2026 – 14.03.2026. Жыйынтыгында студенттердин практикалык даярдыгы жогору бааланып, келечектеги кесиптик ишмердүүлүккө тиешелүү сунуштар берилди.
09.04.2026-жыл Информациялык коммуникациялык дициплиналар циклынын "Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу" адистигинин өндүрүштүк практикасына жөнөтүү конференциясы
09.04.2026-жыл Информациялык коммуникациялык дициплиналар циклынын "Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу" адистигинин 11 база 2-курс жана 9 база 3-курс студенттерин 13-апрельден 08-майга чейин өтүүчү төрт жумалык өндүрүштүк практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга колледждин директору Абдылакимова Бегайым Кенжематовна, бөлүм башчы Сатаров Арзымат Эминович, цикл башчы Шакиров Кылыч Курбанбаевич, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчиси Рахманберди кызы Мырзагул эжеке катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилер студенттерге практиканын максаты жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, коопсуздук техникасы боюнча инструктаж өткөрүштү. Ошондой эле практика учурунда сакталуучу эреже-талаптар, аткарылуучу милдеттер жана жоопкерчилик маселелери боюнча түшүндүрмө беришти. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты. Жыйынтыгында жетекчилер студенттерге ийгиликтүү практика өтөп келүүсүн каалап, алган теориялык билимдерин иш жүзүндө бекемдөөгө чакырышты.
STEM инновациялык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнүн 2025-жылкы окуу-өндүрүштүк практикасындагы мониторинг иш-чарасы
STEM инновациялык колледжинин Информациялык технологиялар бөлүмүнүн ТОСВТ жана информациялык дисциплиналар циклынын “Колдонмо информатика” жана “АСОИУ” адистиктеринин бүтүрүүчү курстары 2025-жылдагы окуу-өндүрүштүк практикасына чыгарылган:
АСОИУ: 03.11.2025 – 29.11.2025
ПИЭ, ТОСВТ: 17.11.2025 – 13.12.2025
Практиканын жүрүшүн текшерүү максатында ОшМУнун Практика жана карьера борборунун башчысы М. Д. Бабаев, улук инспектор Аринова Ч. Т., колледждин практика жетекчиси Касымова З., бөлүмдүн практика жетекчилери Рахманберди кызы М. жана Сманалиев Д. биргеликте төмөнкү ишканаларга барып, студенттердин абалы менен жеринен таанышып келишти.
Текшерүү төмөнкү мекеме-ишканаларда жүргүзүлдү: ОшМУнун башкы корпусундагы Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун компьютердик борбору, Финка Банк, Кыргыз Телеком, Ош шаарынын мэриясы, Ош областтык китепканасы, Дос-Кедо Банк, Эко Исламик Банк, Жети Түс полиграфиялык борбору, Арсенал полиграфиялык борбору.
Сапар маалында студенттердин иш орду, аткарып жаткан тапшырмалары, көндүмдөрдүн өнүгүү деңгээли жана практика программасына шайкештиги текшерилди. Ошондой эле аларга тиешелүү эреже-талаптар, милдеттер жөнүндө кошумча маалымат берилип, студенттердин суроолоруна кеңири жооптар берилди.
STEM инновациялык колледжи практика өтүп жаткан студенттерге ийгилик каалап, кызматташкан мекемелерге ыраазычылык билдирет.
Информациялык технологиялар бөлүмүндөгү бүтүрүүчүлөрдүн окуу-өндүрүштүк практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференция
Информациялык технологиялар бөлүмүндөгү информациялык дисциплиналар циклынын "ТОСВТ", "Колдонмо информатика" жана "АСОИУ" адистиктеринин бүтүрүүчү курстарынын студенттеринин 4 жумалык окуу-өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга ОшМУнун практика жана карьера борборунун улук инспектору А. Маткалыков, бөлүм башчы А. Э. Сатаров, цикл башчы К. К. Шакиров, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчилери Рахманберди кызы М., Сманалиев Д., Маликова, Н. Шарабидинова А., Капарова А, Молдалиева Ж. жана 1-2-3-курстардын студенттери катышышты.











